Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте
Мелис Эшимканов атындагы фонд тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты журналисти
2013” сынагынын жыйынтыгы чыгарылат.Учурда белгилүү
журналист, маркум Мелис Эшимкановду эскерүү кечеси Бишкектеги “Айкөл Ордо” эс
алуу борборунда өтүүдө. Ага Мелис Эшимканов менен журналистикада бирге жүргөн
калемдештери, шакирттери, жакын достору, санаалаштары келишүүдө. Алардын арасында Аскар Салымбеков, Күмөндөр Абылов,
Түгөлбай Казаков, Каныбек Иманалиев өңдүү кыргыз журтчулугуна белгилүү адамдар
да бар.