Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, депутат "опузалап пара талап кылуу” беренесинде каралган кылмыштын негизинде кармалган. Ал Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылынын Ж.Ж. аттуу тургуну экени белгилүү болду.

Ал физикалык күч колдонуу, коркутуу жолу менен жергиликтүү тургундардан системалуу түрдө акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келгени аныкталды. Рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл чарба жана балык чарбачылыгына убада кылган жер тилкелерин өзүнүн ишенимдүү адамдарына кайра мажбурлап каттатып, кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жолу менен басып алганы тастыкталган.

"Мурда Ж.Ж. ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жообуна тартылып, 2021-жылдан бери ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу кармалган Ж.Ж.нын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тартышы мүмкүн болгон адамдар 03722 56049, 03722 54961 номерлерине кайрылса болот.

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан