"Баасы 1 миллион 700 миң сом". Жалал-Абадда Өзбекстанга мыйзамсыз мал ташып өтүүгө аракет кылгандар кармалды (фото)

Жалал-Абадда чек арадан мыйзамсыз мал ташып өтүүгө аракет кылгандарга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы 9-февралдан 13-февралга чейинки аралыкта Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан бир нече мыйзамсыз майда жандыктарды, бодо мал жана жылкыны айдап өтүү фактылары токтотулганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Чаласарт тилкесинде нөөмөт учурунда чек ара кезмети тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары 1983-жылы туулган Н.У., ошондой эле унааны мыйзамсыз башкарууга аракет кылган 1988-жылы туулган Б.Э. Кыргызстандан Өзбекстанга андан ары сатуу үчүн 92 баш майда мал жандыкты алып өтүүгө аракет кылышкан.
Ошол эле күнү кечинде Ала-Бука районунун Актам конушунун четине жакын жерден чек ара кезмети Кыргызстандын 3 баш бодо малын Өзбекстанга мыйзамсыз айдап келе жаткан 1979-жылы туулган К.Ж. аттуу жаранды кармашкан.
Эртеси, 10-февралда Аксы районунун Таза-Суу аймагында чек ара кезмети тарабынан Өзбекстандан Кыргызстанга жылкы алып өтүүгө аракет кылган 1989-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Н.Б. кармалган.
12-февралда Аксы районунун Чаласарт тилкесинде чек ара кезмети тарабынан 6 баш бодо малды Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны, Аксы районунун Олонбулак айылынын 1974-жылы туулган Т.У. аттуу тургуну кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган майда жандыктын, бодо малдын жана жылкынын баасы 1 миллион 700 миң сомдон ашкан.
Аталган фактылар боюнча тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар, майда жана ири мүйүздүү малдар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан