Кантта күзөтчүгө ок чыгарган кафенин кардары кармалды

Чүйдүн Кант шаарындагы кафелердин биринде күзөтчүгө карата ок чыгарган шектүү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта 29-январда Кант шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Империя-Пиццы” кафесинин 41 жаштагы Б.А. аттуу администратору милицияга арыз менен кайрылганы айтылат. Анда ошол эле күнү саат 05:50 чамасында 30-40 жаштагы адам мас абалында коомдук тартипти бузуп, белгисиз үлгүдөгү травматикалык тапанча менен 39 жаштагы Т.С. аттуу кафенин күзөтчүсүнө карата бир жолу ок чыгарганы жазылат. Натыйжада ок күзөтчүнүн сол далысына тийген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык (“Бейбаштык”) кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда күзөтчү өз ыктыяры менен кийип жүргөн кийимдерин, травматикалык тапанчанын гильзасын, бир даана желим окту өткөрүп берген. Ошондой эле кылмыш ишинин алкагында соттук-медициналык, соттук-баллистикалык жана соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 37 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иш-чаралары уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан