Баткенде дээрлик 10 тонна контрабандалык минералдык жер семирткич аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында минералдык жер семирткич карбамид жана аммиак селитрасы товарлары табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.
Кармалган товардын жалпы салмагы 9 миң 650 килограммды түзгөн. Кармалган товардын орточо базар баасы 448 миң 200 сом деп эсептелди.