Сузактын мал базарында болгон бейбаштыкка шектелген 6 жаранга издөө жарыяланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Анда ушул жылдын 3-февраль күнү саат 16:00 чамасында Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууган инисин жана өзүн жарандар көптөп сабап, көзүнө таш менен урганын билдирген. Натыйжада алар денесинен алган жаракатынан улам облустук ооруканага жаткырылган.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Анын алкагында 4-февралда Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 1994-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына бир айга киргизилген.
"Мындан сырткары милиция тарабынан бул окуяга шектелген 6 жарандын өздүгү такталган. Бирок алар жүргөн жерлерин жашырып, кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу кылмыш ишине шектүүлөрдү табууга коомчулуктан жардам сурайбыз", - дешти милициядан.
Кылмышка шектүүлөрдүн баары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Чолок-Терек айылынын тургундары.
Алар:
1. Сариков Абдыкалык Абдулхакимович – 1984-жылы туулган.
2. Сариков Ысабек Сатимкулович – 1985-жылы туулган.
3. Сариков Батирбек Сатимкулович – 1989-жылы туулган.
4. Ахматов Аскарбек Ахматович – 1990-жылы туулган.
5. Сатимкул уулу Абдималик – 1994-жылы туулган.
6. Алмаз уулу Марат – 1995-жылы туулган.
Аларга карата 8-февралдан тарта издөө иши ачылган.
Милиция эгерде жогорудагы жарандардын кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматтар болсо төмөндөгү номерлерге кабарлап коюуну суранат. Телефон: 102, (03748) 5 02 09, (0558) 16 16 91. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.