Орусиянын "Шинник" футболдук клубу менен Украинанын "Минай" футболдук клубунун футболчулары Анталия шаарындагы мейманканада массалык түрдө мушташты. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, массалык мушташ кечээ, 13-февраль күнү кечинде болгон. Анда "Минай" футболдук клубунун футболчулары "Шинник" футболдук клубунун башчысынан Украинанын гимнин ырдоону талап кылган. Оозеки жаңжалды мейманкананын кызматкерлери токтотуп калышкан.
Кийинчерээк эки команданын футболчулары лифтте жолугуп калышып, андан кийин массалык мушташ орун алган.
Азырынча массалык мушташтан жаракат алгандар тууралуу маалымат жок. Эки команда тең бул боюнча кийинчерээк маалымат берилерин билдиришти.