Бишкектин Баялинов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, анын кесепетинен унаалардын бири капталына оодарылып кеткен.
Анда Toyota Land Cruiser унаасы Исанов көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жаткан. Баялинов тарапка бурулганда айдоочу рулду башкара албай, токтоп турган Honda CR-V үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган.
"Жабыркагандар болгон жок. Эки унаа тең унаа токтотуучу жайга жайгаштырылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо жана келтирилген материалдык зыянды эсептөө үчүн экспертизалар дайындалды.