Түркиядагы зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарында кыргыз куткаруучулары 8 күндөн бери издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө. Алар 14-февралга карата урандылардын астынан жалпы 5 адамды аман-эсен алып чыгышса, 154 адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, Түркия жана Сириядагы катуу жер титирөөнүн курмандыктары бүгүнкү күнгө карата 37 миңден ашты. Алардын ичинен Түркияда 31 миң 643 адам, ал эми Сирияда 5814 киши каза тапты.