Бишкекте турак үй өрттөнүп, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында жазылат.
Билдирмеге таянсак, өрт кечээ, 14-февралда Дачная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан. Жерине 2 өрт өчүрүүчү эсеп жана штаб тартылган.
Кырсыктын кесепетинен үйдүн ичинен 39 жаштагы З.Д. аттуу кишинин күйүп калган жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Жалпы турак үйдүн үч бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби учурда такталууда.