Бүгүн, 15-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эркиндикке чыгышы менен анын жакындарын куттуктады.
Эл өкүлү эми экс-президентти күнөөлөгөндөрдүн жоопкерчилигин кароо зарыл экенин белгиледи.
"Кечээ мурдагы президент Алмазбек Шаршенович боштондукка чыкты, куттуу болсун! Тууган-урук, жоро-жолдошторун куттуктайбыз. Маселе мына ошол мезгилде кабыл алынган чечимдерде, ошол чечимдерди кимдер кабыл алган болсо алардын жоопкерчилигинде турат", - деди Мадумаров.
Ошондой эле ал бүгүн Жогорку сотто "Кара-Суу" базарындагы ишкерлердин иши караларын айтып, министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө бул маселеге көңүл буруп коюуну тапшырды.