Орозайым Нарматованын үй камагындагы мөөнөтү узартылды

Орозайым Нарматованын камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда соттон билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 15-февралдагы токтомуна ылайык, Нарматовага карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылды.

Белгилей кетсек, Нарматова ушул жылдын 30-январында абалы оор болгондуктан камактан бошотулган.

Нарматова "массалык башаламандык уюштурууга даярдык" боюнча айыпталып жатат. Ал былтыр 27-октябрда Москвадан Кыргызстанга алып келинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан