Ок атуу спорту боюнча курама команда Дүйнө кубогуна катышат
Кыргыз Республикасынын ок атуу спорту боюнча курама командасынын мүчөлөрү Асхат Токмоков жана Арууке Талантбекова Каир шаарында өтө турган Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Спорт департаменти кабарлады.
Мелдеш 17-23-февраль күндөрү өтөт.
Курама команда улук машыктыруучу Мэри Исмаилованын жетекчилиги алдында мелдешке катышат.