Түркиянын түштүк-чыгышында дээрлик он күндөн бери жер титирөөдөн улам урандылардын астында калган аял куткарылды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Куткарылган жаран Кахраманмараш шаарынын тургуну 45 жаштагы Мелик Имамоглу экени белгилүү болду.
"Ал урандылардын астынан 222 сааттан кийин аман-эсен куткарылды",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Түркияда 6-февраль күнү жер титирөө катталган. Соңку маалыматтар боюнча анын кесепетинен каза болгондордун саны 36 миңден ашты.