UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Ислам Махачев допингге каршы эрежелерди бузганы далилденсе, эки жылга дисквалификация болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Махачев Александр Волкановски менен болгон беттештин алдында калыбына келтирүүчү тамчыны мыйзамсыз колдонгон деп шектелүүдө. UFC уюмунун жобосунда тамчылатма колдонууга тыюу салынат, анткени алар допингди жашыруу үчүн колдонушу мүмкүн.
Эгерде Ислам Махачевдин беттештин алдында тамчылатма колдонгону далилденсе эки жылга дисквалификация болот.
Буга чейин жаңы зеландиялык мушкер Дэн Хукер жеңил салмактагы чемпион Ислам Махачевди UFC эрежесин бузган деп айыптаган.