Аскар Салымбеков: "Мелистин кино тартуу кыялы бар эле..."

Мелис Эшимкановду эскерүү кечесине анын чыгармачылыкта, саясаттагы жакын достору келишти. Эскерүү кечесинде сөз алган коомдук ишмер Аскар Салымбеков: “Мелистин кино тартуу тилеги бар эле, ал аткарылбай калды. Балким, кино тартып жүргөндө азыр деле жаныбызда болмок беле?! Мелистин көзү өтсө да, унуттурбай, эскерүү кечесин уюштуруп жүргөн жубайы Аселге ыраазычылык билдирели”,- деди.

Эшимканов тууралуу эскерүү сөздөрүн коомдук ишмер Түгөлбай Казаков, КРнын Экономика министри Темир Сариев да сүйлөштү. Мындан тышкары келген коноктор үчүн суроо-жооп оюну уюштурулуп, анда конокторго Мелис Эшимкановдун өмүр жолу, чыгармачылыгы,саясаттагы ишмердиги тууралуу суроолор берилди. Суроолорго туура жооп берген конокторго Мелис Эшимканов тууралуу баяндалган китеп белекке берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан