Аламүдүн районунда чет элдик жарандын уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 11-февраль күнү милицияга Азербайжандын жараны арыз менен кайрылган. Арызында ал 2001-жылы туулган мекендеши А.Г. аттуу жарандын уюлдук телефонун тартып алган Влад аттуу жаранга чара көүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган В.В. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.