"Чет өлкөгө жумушка орноштурам". Караколдо алдамчылыкка шектелип 22 жаштагы жаран кармалды

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 13-февралда милицияга Түп, Ак-Суу райондорунун жана облус борборунун беш тургуну кайрылган. Алар 2022-жылдын ноябрь айынан ушул жылдын январь айына чейин чала тааныш жигит Түркия жана Германиядан ишке орноштурууну убада кылып, алардан акча алып, андан соң изин жашырып кеткенин билдиришкен.

Арыз ээлерине келтирилген жалпы зыян 140 миң сомду түздү.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Анын натыйжасында көп узабай кылмышка шектүү жаран колго түшүрүлдү. Ал Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну А.Н. экени айтылды.

"Алдын ала сурак учурунда ал алдамчылыкты моюнуна алган", - деп айтылат билдирүүдө.

Азыр кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан