Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 25 жаштагы жаран куткарылды

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Айтматов менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде 25 жаштагы Т.А. аттуу эркек киши колуна бычак кармап алып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымдалгандай, жерине 7 куткаруучу, милиция кызматкерлери, "Тез жардам" кызматы жана туугандарынан 2 адам тартылган.

Куткаруучулар туугандары менен биргеликте жогоруда аталган адамды өз өмүрүнө кол салуудан сактап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан