Кечээ, 15-февралда издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Ал Сузак районунун 1976-жылы туулган Р.К. аттуу тургуну экени айтылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, анын эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүнө Калашников (АК-74) жана гранатомет саткандыгы аныкталды. Кийинчерээк Бишкек шаарынын аймагында террордук актыларды уюштуруу аракети атайын кызмат тарабынан жок кылынган.
Кармалган жаран УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.
Анын эл аралык террористтик уюм менен шериктештикке катыштыгы бар башка фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.