Өлкөдө биринчи жолу Азия-Тынч океан сурдочемпионаты өтөт

Ушул жылдын 1-12-март аралыгында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу I Азия-Тынч океан сурдочемпионаты өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев билдирди.

Анын айтымында, чемпионат Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында спорттун таэквондо, дзюдо, грек-рим жана эркин күрөш түрлөрү боюнча угуусу жана сүйлөө жөндөмү начар спортчулар арасында өтөт.

"Азыркы учурда чемпионатка даярдыктар кызуу жүрүүдө. Биринчиликке 12 өлкөдөн келген 300дөн ашык спортчу кытышып, эң күчтүүлөрү аныкталмакчы", - деди Токтоналиев.

Аталган мелдеште Кыргызстандын намысын 33 спортчу коргойт. Алардын арасында сурдлимпиада жана дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү Азамат Мавлонов (күмүш медаль ээси), Каналбек уулу Илгиз (эки жолку коло медаль) Алмаз Исаков (күмүш медаль ээси) да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан