Баткенде жыгач күлүн жана тамекини аткезчилик жол менен ташып кирүүгө бөгөт коюлду

Баткенде дээрлик 15 тонна жыгач күлүн жана тамекини аткезчилик жол менен ташып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

"Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Бүргөндү" чек ара постунда Э.Б.А. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусунда Volvo FH 500 үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан 343 кап жыгач күлү жана 108 кап майдаланган тамекинин сабактары табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

Маалымдалгандай, кармалган товардын жалпы салмагы 14 921 килограммды түзгөн. Кармалган товардын орточо базар баасы 253 миң 800 сомду түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан