Түнү Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө БМВ жол жээгиндеги жарнакты сүзүп алган. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан билдиришти. Аталган кызматка маалымат 10-декабрь күнү саат 03:00дө келип түшкөн.
Милиционерлердин айтымында, 1989-жылы туулган айдоочу рулду башкара албай жарнакты сүзүп алган. Натыйжада унаанын ичиндеги 2 кыз жана 1 бала жаракат алган. Унаа катуу соккуга кабылган, бирок коопсуздук сактоочу атайын жаздыкчалардан улам тирүү калышкан.
Жаракат алгандардын баары ооруканага жеткирилген. Алардын бири оор абалда.