Сокулук районунда бир нече алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, милицияга М.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда “Айкыз” аттуу жаран алдоо жолу менен Ак-Ордо жаңы конушунан үй алып берүүнү убадалап, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын жана 45 миң сом акчасын алып кайтарып бербей жүргөндүгүн билдирип, чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган фактынын негизинде кылмыш иши козголгон.
"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1956-жылы туулган Ш.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү Ш.А.нын мындан башка да ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталды", - деп билдиришти облустук милициядан.
Эгерде жогорудагы кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, Сокулук РИИБине же нөөмөт бөлүмүнүн 0312 60-75-67 телефонуна кайрылсаңыздар болот.