Бакуда "Евровидение" ыр сынагы боюнча дагы 10 киши соттолду

Баку шаарынын өзгөчө оор кылмыштар боюнча соту "өткөн жылы "Евровидение" сынагы жүрүп жатканда теракт уюштурууну пландаган" деген айып боюнча дагы бир нече кишини соттоду. "Azadxeber.org" веб-порталынын башкы редактору Нижат Алиев 10 жылга түрмөгө кесилди. Мындан башка дагы 9 киши 4 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратылды. Өткөн айда ушул эле иш боюнча 29 кишиге өкүм чыгарылып, анда 3 киши өмүр аягына чейин кесилген. "Евровидениеден" кийин Азербайжандын Коопсуздук министрлиги конкурс маалында кол салууларды уюштуруу боюнча кылмыштын бети ачылганын маалымдаган. 40ка жакын киши кармалган. Тергөөчүлөр "ал топ кошуна Иран менен байланышта болчу" дешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан