Минск Беларуска агрессия болгон шартта гана Украина менен согушууга даяр. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко билдиргенин БелТА басылмасы жазды.
"Мен бир гана шартта орустарга кошулуп Беларустун аймагынан согушууга даярмын, бул эгерде ал жактан бир эле жоокер биздин аймагыбызга келип, менин кишилеримди өлтүрсө. Мындай болсо согуш таптакыр башка нукка бурулат", - деген Лукашенко.
Ал Беларусь армиясы мындай аракеттерге эң катаал жооп кайтарарын баса белгилеген.
Ал муну менен Киевге гана эмес, башка коңшуларына дагы кайрылганын баса белгилеген. Лукашенко ошондой эле Минск Украинанын аймагына аскерлерин жөнөтүүнү пландабай турганын билдирген.