Курма сатып берем деген. Кадамжайда тургундарды алдаган адам Аксыдан кармалды

Кадамжайда алдамчылык аракеттерине шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралууу Баткен ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургундары милицияга арыз жазган. Анда алар 2022-жылдын ноябрь айында курма мөмө-жемишин сатып берем деп алып кетип, изин жашырып кеткен жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Ага ылайык, жарандарга жалпысынан 82 700 сомдук зыян келтирген. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 43 жаштагы тургуну А.К. Аксы районунан кармалып келди. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү 43 жаштагы А.К. мурда да алдамчылык кылмышы менен сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду.

Азыркы учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан