Бир түндө 3 адамдын өлүмү: Милиция кылмышка шектүүнү кармады

Бишкек шаарында 3 адамдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, борбор калаанын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген жансыз денеси табылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза Кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон.

Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББнин жана Октябрь РИИБинин тергөө ыкчам тобу тарабынан толук кароо жүргүзүлүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук медициналык экспертизалар дайындалды.

Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Ч.А. аттуу Баткен облусунун тургуну кармалып, Октябрь РИИБине жеткирилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин 16-февралда Бишкек шаарында аял 15 жаштагы өспүрүм жана 5 жаштардагы бала киши колдуу каза болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан