Бишкекте кудуктун ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Ага ылайык, Кривоносов көчөсүндө жайгашкан канализация кудуктун ичинде болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, жансыз денени кудуктан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.