"Манас" аэропортунан баңгизат алып өтүп жаткан жаран кармалды

"Манас" эл аралык аэропортунан ашказанына кокаин баңгизатын жашырып алып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматында жазылат.

Белгилүү болгондой, ал 10-февралда кармалган.

Кармалган жарандын ашказанын кароодо медициналык кол каптарына оролгон баңгизат табылып, натыйжада жалпы салмагы 300 граммды түзгөн 50 даана контейнер алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кокаин баңгизаты экендиги аныкталган. Жаран Т.В. Германиядан кокаин баңгизатын сатып алып, аларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга аракет кылган.

Баңгизаттын бул түрү Кыргызстанда биринчи жолу ири өлчөмдө табылып жатат. Анын бир граммынын “көмүскө базардагы” баасы 500дөн 2000 АКШ долларына чейин жетет.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан