Жалал-Абадда прокуратура органынын мурдагы кызматкери пара менен кармалды

Жалал-Абад облусунда пара талап кылууга шектелип прокуратура органынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтан билдиргендей, ал кечээ, 16-февралда кармалган.

Кармалган жаран Т.Т.Т. мурдагы кызмат ордунда иштеген фактысына таянып, өлкө башчысы, УКМК төрагасы жана башкы прокурор менен байланышы бар деген жалган маалыматты жамынып алып, мыйзамсыз текшерүү иштерин жүргүзгөн. Анда майда мыйзам бузууларды таап, коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара алып келген.

"Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 миң жана 10 миң долларын алуу фактысы такталды. Кармалган жаран алдамчылык жол менен кээ бир жарандарды 150 миң сом насыя алууга мажбур кылып, кымбат чөнтөк телефонун алдырып, кийинчерээк өзү тартып алган. Ошондой эле, ал бир нече ирет алдамчылык жолу менен, айдоочулук күбөлүк алып берем деген убада берип, жарандардан көп суммадагы акча алып келген. Анткени кармалган жарандын атасы азыркы учурда Жалал-Абад облусунда "Унаа" ишканасынын региональнык бөлүмүнүн бөлүм башчы кызматын ээлеп турат", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдар УКМКга кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан