Бүгүн, 17-февралдан тарта Нарын облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМ тарабынан белгилүү болду.
Мындай чечим Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда 5 тилкесинде болжолдуу 10000 метр кар көчкү түшүп, жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу киргизилди.
Маалыматка таянсак, учурда жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоочуу мамлекеттик борборунун 1 унаасы, №41 ЖТИден 1 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 самосвал, Суу чарба ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.
Мындан сырткары жогоруда аталган унаа жолдун 265 жана 314-чакырымында ЖКККБ тарабынан нөөмөт уюштурулган.
Алдын ала маалымат боюнча жабыргандар жок. Кошумча маалымат берилет.