Бишкекте энесин жана 2 баласын өлтүргөн окуя: Каза болгон аял менен шектүү сүйүү мамилесинде болгон

Бишкекте 16-февралда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн аял кылмышка шектүү менен сүйүү мамилесинде болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалымдалгандай, өлтүрүлгөн 5 жашар бала шектүү менен маркум аялдын баласы.

Эскерте кетсек, кечээ, 16-февралда Бишкек шаарында энеси эки баласы менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Аталган кылмышка шектелип 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shanson
2023-02-17 15:00:00
"5 жаштагы өспүрүм".. эх, ушундай журналисттер каяктан чыгат болду экен???
0
munduz2016
2023-02-18 06:46:00
Ушундай жаңылыктарды жазууну кимге кереги бар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан