Кыргызстанда жаш вокалисттердин арасында XXI Эл аралык “Витебск–2023” балдар музыкалык сынагынын Улуттук тандоо туруна сынак жарыяланат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына долбоордун жетекчиси, "KG'тай" балдар долбоорунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева билдирди.
"Витебсктеги "Славян базары" искусстволор фестивалы, жыл сайын планетанын бардык беш континентинен келген катышуучуларды жана көрүүчүлөрдү бириктирген, Беларустагы эң ири Эл аралык искусство фестивалы болуп эсептелинет жана дүйнөдөгү маанилүү маданий окуя болуп саналат. Быйыл фестиваль 32-ирет өткөрүлөт. Фестивалдын алкагында көптөгөн маданий иш-чаралардын ичинде "Витебск" балдар музыкалык эл аралык сынагы да өтүп келет. Улуттук тандоо турун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн “Арт Булак” коомдук фонду алган.
Улуттук тандоо туру эстрадалык ыр жанрындагы таланттуу жаш аткаруучуларды аныктайт, анын жеңүүчүсү 9-11-июльда Витебск шаарында өтө турган сынакта Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алат. Буга чейин бул конкурска Кыргыз өлкөсүнөн 2-3 гана бала катышкан. 2017-жылы Ош шаарынын тургуну Шамиль Кыязов аттуу баланы алып баргам. Шамиль - абдан таланттуу, келечекте өсө турган бала", - дейт ырчы Гүлнара Тойгонбаева.
Улуттук тандоо туруна катышуунун шарттары:
- 8 жаштан 14 жашка чейин;
- Эл аралык, республикалык же облустук сынактарда жана фестивалдарда өздөрүнүн ийгиликтерин көрсөтө алган, концерттке катышуу тажрыйбасы бар балдар;
- Кыргыз Республикасынын жараны;
- Эки ыр аткарылышы керек: 1. Кыргыз тилиндеги эстрадалык ыр, 2. Сынактын катышуучусу тандаган, анын аткаруучулук чеберчилигин жана артисттик жөндөмүн айкын чагылдырган эстрадалык ыр.
Катышуу үчүн 25-февралга чейин алдын ала онлайн тандоодон өтүүсү шарт. Сынактын ырларын жандуу үн менен аткарган видеосун +996 705445522 номерине вотсап же телеграмга жөнөтүлүүсү керек.
Онлайн тандоодон өткөндөр гана 2023-жылдын 4-мартына чейин Улуттук тандоо турга катышуу үчүн билдирүү (заявка) беришет жана каттоо акысы 4000 сом.
Улуттук тандоо туру 12-мартта Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын концерттик залында өтөт. Арыз Арт Булак коомдук фондунун art_bulak@mail.ru электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек.
Конкурс тууралуу кошумча маалымат, жобо жана заявка формасын +996 705 44 55 22 телефону аркылуу алса болот.
Маалымат үчүн! Беларустагы эң ири "Славян базары" эл аралык музыкалык сынагынын алкагында өткөрүлгөн балдар музыкалык сынагынын жалпы байге фонду 11 миң долларды түзөт.
Анын ичинен баш байге үчүн 5 миң доллар,
1-орун үчүн 3 миң доллар;
2-орунга 2 миң доллар;
3-орун үчүн 1 миң доллар каралган. Андан сырткары катышуучуларга 500 доллар өлчөмүндө сыйлыктар каралган.