
Кечээ, 16-февраль күнү болжол менен саат 01:30дар чамасында Mercedes-Benz спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жана 1 жүргүнчүсү Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров автоунаа жолунун 80-90- чакырымында кар көчкү түшүп, өтө албай калгандыгы маалымдалган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Жерине Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары жана райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч тартылып, кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жумуш убактылуу токтотулган.
"Саат 17:30дан баштап аталган айдоочу менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу бүгүн, 17-февраль күнү Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 кызматкери атайын ыкчам автоунаасы менен саат 13:15те жолго чыгып, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Киров унаа жолунун 90-чакырымына чейин жетишип, андан ары жол жок болгондугуна байланыштуу 5 куткаруучу издөө иштерин улантуу үчүн жөө жөнөп кетишти", - деп билдиришти ӨКМдан.
Кошумча маалымат берилет.