Ырчы жана тамада Кубаныч Баркалбасов 3 бөлмөлүү батирлүү болду

Эстрада ырчысы жана тамада Кубаныч Баркалбасов 3 бөлмөлүү батирлүү болду. Кубанычы менен тең бөлүшүп ырчыга байланышканыбызда сүйүнүчү коюнуна батпай турганын айтты.

"Аябай толкунданып, сүйүнүп турам. Кубанычтан жадакалса көзүмө жаш келип жатат (күлүп). Үй-бүлөм менен буга чейин ижара үйдө жашачубуз. Буюрса, үйдүн документтери колума тийди. Эми оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп, көчүп кирели деп жатабыз. Бир жумада колубузга ачкычын карматабыз деп айтышты. Үйдү буга чейин эле сатып алгам, болгону курулуш иштери эми аяктап, пайдаланууга эми берилип жатат", - деди ырчы.

Кубаныч Баркалбасов "Оригиналсың", "Аяайым", "Бир тууган", "Атанын кадырын билеличи" сыяктуу ырлардын аткаруучусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан