Караколдо 3 жигит Ибрагим Ажы атындагы борбордук мечитте садакага чогулган акчаны уурдап кетишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, бул боюнча маалымат милицияга 3-февралда келип түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, "Уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милициянын издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын тургундары 2001-жылы туулган А.А. жана Т.К, 2002-жылы туулган Т.Т. аттуу жарандар кармалган.
Шектүүлөр алдын ала суракта күнөөлөрүн моюнуна алып, келтирилген чыгымды кайтарып беришкен.