Бишкек шаарында эркек адам таанышы тарабынан зордукталганын айтып, милицияга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, арыз ээси окуя 17-январь күнү Бишкектеги Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгонун билдирген. Анда арыз ээси таанышы күч колдонуп зордуктап салганын билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.