Асия Сасыкбаева менен Рита Карасартова ушул жылдын 20-апрелине чейин абакта калтырылды. Мындай чечимди бүгүн, 17-февралда Биринчи Май райондук соту жабык эшик артында кабыл алды.
Маалымдалгандай, аларга “Массалык баш аламандык” беренеси менен айып тагылган. Алар былтыр октябрь айында камакка алынган.
Ал эми декабрь айында алардын баш коргоо чарасын узартуу маселеси каралып, февралда кайрадан узартылган болчу.