Акыркы сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов бүгүн, 10-декабрда билдирди.
Анын айтымында, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдү өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.