Бакуда уюштурулган Түркияга гуманитардык жардам чогултуу пункттарына эски ВАЗ унаасы менен жууркан-матрастарды жеткирип барган жаранга түрк ишкери жаңы унаа белек кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Азербайжандын Сарвар Баширли аттуу жараны өзүнүн эски ВАЗ унаасы менен жууркан-матрастарды гумжардам борборуна жеткирип бара жаткандагы сүрөтү интернетке тараган. Бул сүрөт коомчулукту ыраазы кылган.
Мындан улам түрк ишкери ыраазычылык иретинде Сарвар Баширалиге жаңы үлгүдөгү Toyota унаасын берген.