"Жолго чыкпаңыздар". Бишкек-Ош жолу жабылды

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 255-чакырымында саат 19:45те кар көчкү түшкөн. Учурда жол эки тараптуу жабык.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. №23 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 авто жүктөгүч тартылып, саат 20:10дон баштап Бишкек-Ош унаа жолунун 271-чакырымында (Арал посту) автоунаалардын бардык түрүнөн чектөө киргизилди.
Кошумча маалымат берилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан