Кыргызстандын (U-20) жаштар курамасы Босния жана Герцеговинанын Stupcanica футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалымдалгандай, бул команданын алтынчы жолдоштук беттеши. Оюн Анталья шаарында өтүп, 1:3 эсебинде Stupcanica клубунун жеңиши менен аяктады. Кыргызстандын командасынан жалгыз голду Мирлан Бекбердинов киргизди.
Эскерте кетсек, жаштар курамасы 1-марттан 18-мартка чейин Ташкентте өтө турган U-20 Азия кубогуна даярдык көрүүнүн алкагында жолдоштук беттештерди өткөрүүдө.