Бишкектин Свердлов райондук соту үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаранды эки айга камакка алды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, соттун 18-февралдагы тергөө судьясынын чечими менен үч адамды өлтүрүүгө шектелген А.Ч.К 16-апрелге чейин камакка алынды. Ал Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилет.
Белгилей кетсек, 16-февраль күнү Бишкек шаарында энеси эки баласы менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Аталган кылмышка 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.