Бишкекте Honda Stream унаасы жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетти (видео)

Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарында Honda Stream унаасынын айдоочусу жөө өтмөктөн өтүп келе жаткан кишини өлтүрө сүзүп кетти.

Жол кырсыгы саат 19:15 чамасында Новопавловка айылында болду. Анда чыгыштан батышты көздөй бара жаткан Honda Stream унаасынын айдоочусу жөө өтмөктөн өтүп келе жаткан адамды сүзгөн. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден каза болду.

Учурда жеринде милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.

Бишкекте Honda Stream унаасы жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан