Тогуз-Тородо калың кардан улам 80 баш кой өлдү (фото)

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда калың кардан улам чабандын 80 баш кою өлдү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торонун Үч-Үңкүр тилкесинде калың жааган кардан улам кыштоодо калган чабандын кой кармаган бастырмасы кулап, 80 баш кою өлгөн.
"Жерине 9 куткаруучу тартылган. Жолдо кар калың болгондугуна байланыштуу 1 жүктөгүч жолду ачып берген. Койлордун өлүгүн куткаруучулар унаа барчу жерге чейин жеткирүүгө көмөк көрсөтүшкөн. Адам өмүрүнө зыян келген эмес", - деп билдиришти ӨКМдан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан