Кыргызстандыктар теннис боюнча эл аралык турнирде 2-орунду ээлешти

Бир күн мурун Шри-Ланкада 14 жашка чейинки оюнчулар арасында ITF World Junior Tennis турнири аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тенис федерациясынын Инстаграмдагы баракчасына жарыяланды.

Маалымдалгандай, балдар командасы финалда Сингапурдан келген теңтуштары менен кез келген.

Финалдын жыйынтыгы менен өлкөнүн командасы 2-орунду камсыз кылды. Ал эми кыздар командасы бешинчи орунду ээледи.

Белгиленгендей, 20-25-февраль күндөрү Шри-Ланкада Billie Jean King Cup Juniors by Gainbridge & Davis Cup Juniors турнири өтөт, анда 16 жашка чейинки категориядагы оюнчулар катышат.

Кыргызстандан Давид Могилевский, Исламбек Алмазбеков, Сафина Хабибрахманова, Камила Арипова жана Эрика Исмаилова катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан