Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров менен мурдагы өлкө башчыларынын жолугушуусу тууралуу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
Ал жолугушуу болгонун ырастап, бирок ага экс-президенттер менен эмес, Жапаров жана Ташиев менен жолугушуу болот деп айтылганын билдирди.
"Акыркы окуяларга жана мекендештердин суроолоруна байланыштуу мен төмөндөгүлөрдү айткым келет. Экстердин жолугушуусу болду. Ооба, мен да ал жакта болуп калдым. Болуп калдым дегеним, мага жолугушууда мурдагы президенттердин кимдир бирөөсү келери тууралуу айтылган эмес. Мага президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев менен жолугушууга чакырып жатышканы, анда эркин киши катары тең ата сүйлөшүп, эски таарынычтарды унуталы деп айтылган. Мен жакшылыкты унутпайм, ошондуктан Испаниянын элчиси менен виза тууралуу алдын ала пландалган жолугушууну да жылдырдым. Сиздер билгендей, мени дарыланууга өкмөт башчы Педро Санчес чакырган – ал үчүн ага чоң рахмат.
Мен дагы өлкөдөгү тынчтык жана биримдик үчүнмүн. Ал тууралуу айттым. Президент Жапаровдун ак ниет ойлорун баалайм. Бирок жолугушуунун аягында мен эч ким менен коштошпой, англисче чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдай түзүлдү. Келечекте зарылчылык жаралса, албетте, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берем.
Өлкөбүздө тынчтык жана ынтымакты орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга алып келүү - эки башка нерсе. Аларды бирдей көрүү башка жыйынтыкка алып келет. Өтө көп кан төгүлүп, көп нерсе унутулбашы керек жана мүмкүн эмес. Албетте, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы зарыл. Биринчиден, каза болгондордун туугандары кечириши керек. Президент Садыр Жапаров менин айткандарымды угуп, туура чечим кабыл алат деп ишенем", - деди Атамбаев.
Эске салсак, Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен жолугушканын жана алар бири-бирин кечиргенин 18-февралда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген.