Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Атлантика конференциясы чемпионатында биринчи орунду камсыздап, турнирде рекорд жаратты. Бул тууралуу өлкөнүн Сууда сүзүү федерациясы маалымдады.
Кабарлангандай, спортчу 1:50:51 мүнөттө брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзгөн.
"Бул - Денисти Америка континентинин эле эмес планета мыктыларынын катарына чыгарган жетишкендик", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Петрашов 1:51:89 мүнөттө 200 ярд (дээрлик 183 метр) сүзүп, экинчи орунга ээ болгон.