Талибдер Болгарияда өлтүрүлгөн ооганстандыктар боюнча үн катты

Талибдер түзгөн Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Болгариянын бийлигин Софияда жүк ташуучу унаадан өлүгү табылган мыйзамсыз мигранттардын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Биз бардык эл аралык уюмдардан, өзгөчө Болгариядан адам сатуучуларды кармап, катуу мыйзамдын негизинде жазалашын каалайбыз", - деп айтылат Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

17-февралда Болгариянын полициясы Ооганстандан келген 18 мыйзамсыз мигранттын муунтулуп өлтүрүлүшүнө байланыштуу жети адамды камакка алды. Алар Софияга жакын жерде ташталган жүк ташуучу унаадан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа жыгач ташуу менен алектенип, жыгач тактайлардын астына 52 адамды ташып бара жаткан. Ооганстан жарандары Түркиядан Европага бара жаткан.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан